1-4-октябрда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

1-октябрдан 4 -октябрга чейинки мезгилде аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектериндеги райондордо, жамгыр карга айланып, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 2-3-октябрда абанын күндүзгү температурасынын төмөндөшү күтүлөт: Чүй өрөөнүндө 5…10 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 4…9 градуска чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 9…14 градуска чейин, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык зонасында 4…9 градуска чейин, тоолуу райондордо 0…-5 градуска үшүк болот.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, малды жайытта багуу, кармоо, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 3-5-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градуска чейин болот. Мындай интенсивдүү үшүк жыйналбаган өсүмдүктөр үчүн коркунучтуу.