1-класска электрондук каттоонун бүтүшүнө 3 күн калды

Билим берүү жана илим министрлиги 28-августка карата республика боюнча балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала катталганын маалымдады.

Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 миң 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана Баткен облусунда – 12 миң 110 катталды.

Учурда 30-августка чейин анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.