Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы МарленМаматалиев, төраганын биринчи орун басары МедербекАлиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка чакырылган коноктор катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Төраганын биринчи орун басары МедербекАлиев Аталар күнүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоору алгач коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратып, айрымдар тарабынан четке кагылган учурлар да болгонун билдирди. Бирок кызуу талкуулардын натыйжасында демилге эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, кийинчерээк мамлекет башчысы кол койгонун маалымдады.
«Бул чечим атанын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ордун таанууда маанилүү кадам болду. Биз кыргыз элинин үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана салттарын сактап, баркташыбыз зарыл. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө айрым эркектер ата болгонуна карабастан балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жаткан жагдайлар кездешүүдө. Калкыбызда атанын орду ар дайым өзгөчө болгон. Ата – үй-бүлөнүн башчысы катары балдарынын жана бүтүндөй үй-бүлөнүн бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик тарткан инсан», — деп белгиледи МедербекАлиев.
Салтанаттын жүрүшүндө катышуучулар мындай иш-чараларды өткөрүү үй-бүлө институтун чыңдоого, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга жана ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. Муну менен катар атанын үй-бүлөдөгү ролу өзгөчө мааниге ээ экени айтылып, ал коргоонун, колдоонун жана акылмандыктын булагы экендиги кошумчаланды.
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...
Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....
Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык...
13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне»...