1-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Талас жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;
Нарын дубанында түнкүсүн +3…+8; күндүз +19…+24;
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12… +14, күндүз +24… +26 градус болот.