Abank
SerepTV Logo

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды
"Мага социалдык тармактар аркылуу келип жаткан суроолордун, кайрылуулардын көптүгүнө жана маанисине карата, ар бир адамга жазып убарагерчилик кылбастан, жалпы жооп жазып койгонум туура деп ойлойм". Бул тууралуу "Регион" телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов жазды.

"УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичке байланыштуу сот иштери жүрүп баштаганын баарыбыз билебиз. Бул жараян бир гана мыйзам чегинде, адилеттүү болоорун жана анын жыйынтыгы менен гана буга чейин айтылган ар кандай сөздөргө чекит коюлаарын президент Садыр Жапаров да белгилеп айтканынан кабардарбыз.

Андыктан, ар кандай бүдөмүк, такталбаган жана провокациялык мүнөздөгү ушак деңгээлиндеги сөздөргө көңүл бурбастан жана азгырылбастан, генерал-полковник Камчыбек Кыдыршаевич өзү да ар дайым айтып келгендей, тынчтык жана ынтымак, биримдикти, өлкөбүздө туруктуулукту көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Кандайдыр бир саясий же социалдык ыңгайлуу абал пайда болуп калса эле дароо ортодон чыга калып, өздөрүнүн жеке жана саясий кызыкчылыктары үчүн пайдаланып кеткиси келип жүргөн белгилүү топтор бар экенин эч качан унутпашыбыз керек жана алардын ар кандай жүрүштөрүнө каршы коомчулук бекем турушу зарыл. Бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстаныбыз өнүгүү жолун туруктуу улап, ынтымагыбыз бекем болсун!" - деп жазылат билдирүүдө.