Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 10-августтан 12-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Сиз өзүңүзгө жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз!
Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз, токтоосуз «112» кызматына билдириңиз»,- деп айтылат маалыматта.