10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 10-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +16.. +21, күндүз +21…+26;

Талас жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +22…+27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23;

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +19…+21, күндүз +23…+25;