10-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 10-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн.

Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым айамктарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33;

Баткен облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24 градус, күндүз +33…+35 градус болот.