Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланат. Калган бейтаптардын абалы алган жаракаттарынын оордугуна туура келет, адистер менен бардык консультациялар өткөрүлдү. Бардык жабырлануучулар компьютердик томографиядан жана зарылчылыкка жараша лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, бардыгына тиешелүү дары-дармектер берилди. Калган жабырлануучулар көрсөтмөгө жараша пландуу операцияларга алынат.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында 9 бала дарылануусун улантууда, алардын абалы туруктуу. Бир бейтап канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.