10-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 10-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас облусунун жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз бардык облустарда жаан жайт.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +19…+21 градус, күндүз +31…+33 градуска чейин жогорулайт.