Эртең 10-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;
Талас дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22;
Нарын жергесинде түнкүсүн +6…+11; күндүз +23…+28.
Ал эми борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +25…+27 градус болот.