Эртең, 10-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;
Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17°, күндүз +28…+30° жылуу болот.