100 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери оорукананын коридорунда жаткан сүрөт тарады

100 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин Сузак райондук ооруканасынын коридоруна жаткырып коюшкан. Бул тууралуу Сузактын жергиликтүү кеңешинин депутаты Юлия Лилиенталь жазды.

Депутат бул көрүнүштүн сүрөтүн бөлүшүп, өлкө башчысы Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана Башкы прокуратурага кайрылды.