11-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 11-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +31…+33 градус ысык болот.