11-июнда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 11-июнда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16… +21, күндүз +27… +32;

Талас жергесинде түнкүсүн +11… +16, күндүз +27… +32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18… +23, күндүз +27… +32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +19… +24, күндүз +17… +22;

Нарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +23… +28;

Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +28… +30 градус болот.