11-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 11-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15;

Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+14;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +5…+10;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +13…+15 градуска жетет.