11-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

default

11-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 градус болот.