12.12.22 кооз датасында Кыргызстанда 302 түгөй баш кошту

12.12.22 кооз датасында Кыргызстанда 302 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен 31 нике Бишкектеги үйлөнүү үлпөт сарайында катталган. Көпчүлүгү Ленин жана Биринчи Май райондорунда катталган. Ош шаарында 10 түгөй баш кошкон.