12-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 12-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +26…+28 градус ысык болот.