«12 жылдан бери ӨКМде иштеп келген». Чек арадагы атышууда 35 жаштагы лейтенант көз жумду

Баткен шаарынын тургуну 1987-жылы туулган лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович чек арадагы атышууда көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал 2010-жылдан бери ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан. 16-сентябрда кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты.

Артында 3 уулу, жубайы калды.