12-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 12-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +13…+18;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +12…+17;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +15…+17 градус болот.