13-14-декабрда абанын температурасы дагы төмөндөйт
Кыргызстанда 13-декабрда туруксуз аба ырайы сакталат: Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаайт, Талас, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
13-14-декабрда абанын температурасы дагы төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20...-25°, күндүз -12...-17°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22...-27°, күндүз -10...-15°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7...-12°, күндүз -3...-8°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -14...-19°, күндүз -4...-9;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19...-24° суук;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -29...-34°, күндүз -15...-20°.