13-15-октябрь күндөрү өлкөдө үшүк жүрүшү күтүлөт

13-15-октябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

13-15-октябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, айрым жерлерде 0…-2° үшүк болот, күндүз +5…+10° градус болот,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, айрым жерлерде -1…-3° болот, күндүз +4…+9°,

Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн +1…+6°, айрым жерлерде -1…-3° болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +2…+7°, күндүз +11…+16°,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1…+6°, айрым жерлерде 0…-2°, күндүз +5…+10°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз +4…+9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз +1…+6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө жана жашылча-жемиштерди үшүк уруу коркунучу бар.