Бишкек шаарында 2025-жылдын 13-апрелде жазгы жарым марафон — «Jaz Demi» өтөт. Старт жана финиш «Газпром-балдарга» Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында уюштурулат.
Быйылкы иш-чарага 3800гө жакын спортчу жана дени сак жашоо образын карманган жарандар катышат. Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, жарым марафондун жүрүшүндө 7:30дан 11:00гө чейин айрым көчөлөр убактылуу жабылат.
Тактап айтканда, Абсамат Масалиев проспектисинин түштүк бөлүгүндө — Б.Алыкулов жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен тартып, А.Бакаев жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишине чейин кыймыл токтотулат.