13 күн мурун жоголгон 17 жаштагы кыз табылды

Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан жашы жете элек кызды тапты.

27-июлда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Ал 17-июлда түн ортосунда жумуштан чыгып, дайынсыз болуп жаткан 2004-жылы туулган кызы Б.Кны табууга жардам сураган.

Бул факты Ленин РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, керектүү издөө иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызды 30-июлда Д.Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен тапты. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери кызды ата-энесине өткөрүп, алар менен түшүндүрүү жана профилактикалык маек өткөрүштү.

Учурда милиция иштин жагдайларын иликтеп жатат.