13-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

default

Эртең, 13-майда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…+27 градус болот.