«13 миң доллар жардам бергем». «Чайханадагы чатак» боюнча Туманбаев үн катты

Буга чейин Азамат Марипов аттуу өзүн «мекенчил» атаган жаран Фейсбукта түз эфирге чыгып, аларды «подстава» кылганы жатканын, алар чогулуучу чайханага камера орнотушканы, камераны койгон киши президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевди коштоп жүргөндөрдүн бирине окшош экенин айткан. Марипов Туманбаевге өкүл ата болуу сунушун айтканын, Туманбаев макул болуп, тойго 13 миң доллар бергенин айткан. Мариповдун айтымында, ал сүйлөшкөн кызы менен үйлөнбөй калып, 13 миң долларды бөлүштүрүп берген.

Соцтармакта «чайханада чыккан чуу» деп атыккан чуу боюнча Каныбек Туманбаевдин түшүндүрмөсү жарыяланды. Анын түшүндүрмөсүн Президенттин иш башкаруучусунун Маалымат жана коомчулук менен байланыш боюнча сектордун башчысы Мурат Соорбеков соцтармактагы баракчасында жазды.

«Мага Азамат Мариповдун «Мен мекенчилдердин башчысы болуп шайландым, жакында үйлөнөйүн деп атам, мага өкүл ата болуп бериңиз, анан да үйлөнүү тойго кеткен чыгымга жардам бериңиз» деп келгени чындык. Мен ары ойлонуп бери ойлонуп, эми жаш баланын көңүлү ооруп калбасын деп макул болуп, 13 миң доллар жардам бергем. Өзү 13 миң доллар чыгым болот экен деп эсептеп келиптир.

Дал ошол маалда Бишкектеги Ахунбаев көчөсү 80деги жер тамымды сатып, акчасы колумда турду эле. Акча керек болуп 330 миң долларга саткам. Ал үйдү 2017-жылы сатып алып, акчасын толук кутулуп бүткөндөн кийин 2020-жылы иниме каттап, өзүм жашап жаткам. Ошол 330 миңден 13 миңин бердим эле. Анан кийин сурасам үйлөнбөй эле жүрөт. Эмне болду десем кыз жакпай калды деп койду. Ии, башка кыз алса керек деп ойлоп койгом. Кийинчерээк тез-тез эле телефон чала берди, СМС жаза берди. Менин ишим көп, жооп бергенге убактым жок жооп жаза албадым. Анан эле шантаж кылганга өттү “Бүгүн кабыл албасаң кеч болот, эртең түз эфирге чыгып сени шыбайм” деп. Ай эмне болду сага? Сураган жардамыңды бердим го? Башка акча жок десем, “Ал акчаңды Адинай карындашым менен Кудрет агамдын карыздарын жаптым, мага дагы акча керек болуп атат” деди. “Жок башка акча” деп телефонду коюп койдум.

Ошондон баштап өзү баш болуп мекенчилмин деген башка балдар баары биригип мени соцтармактардан шыбай башташты. Мен президентке кирип айттым: «Адилет Марипов мени шантаж кылып атат» деп. Президент Азамат Мариповду бир тууган агасы Кудрет Тайчабаров, бир тууган карындашы Адинай Марипованы кошуп чакырып, мен болуп президентке кирдик. Президент: «Эй жигит, эмне шантаж кылып атасың? Жеңил жашоого көнгөн экенсиң. Андай кылба жигит. Азууңду айга жанып турат экенсиң. Ак эмгегиң менен акча таап жаша» деди. Азамат Марипов президенттен экинчи кайталанбайт деп кечирим сурады. Анан президент суроо берди: «Каныбек берген 13 миң долларды эмне кылдың дегенде, маңдайында олтурган бир тууганы Кудрет Тайчабаровдун 4 баласы бар экенин, ал жумушсуз олтурганын, бир тууган карындашы Адинай Марипова да жумушсуз калып карызга батып кетишкенин айтып, алардын карыздарын жаптым» деп жооп берди.

Ошол жерден бир тууган карындашы Адинай Марипова дароо президенттин көзүнчө уятын чыгарды. “Эй эмне алдап атасың? Качан менин карызымды жаптың? Менден карызга алган 50 миң сомумду эле кайтарып бердиң го? Кайсы карызымды жаптың” дегенде унчукпай калды. Президенттин алдында уялып да калбайт экен. Берки бир тууганы унчуккан жок. Ага берсе бир азыраагын берсе керек да», — деди ал.