14-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 14-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;

Баткен облусунда түнкүсүн +5…+1, күндүз +20…+25;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +22…+24 градус болот.