14-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 14-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+24 градус болот.