142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

Тышкы иштер министрлиги мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу максатында жүргүзүп жаткан иштердин алкагында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн мекенге кайтаруу иш-чараларынын кезектеги этабы аяктады.

Кечээ, 15-мартта Манас эл аралык аэропортуна 142 Кыргыз жараны менен Сауд Арабия Падышалыгынан учуп келген учак ийгиликтүү келип конгон. Буга чейин маалымдалгандай, биринчи этапта Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн Кыргыз жарандары атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилген. Министрлик кооптуу аймактардан жарандарды мекенине кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кошумча маалымат берип турат. Ошондой эле Кыргыз жарандарын кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөлөргө убактылуу баруудан карманууга дагы бир ирет чакырат.