Бейшемби, 30.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз

17:06 07.04.2026
0
Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз
Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз. Мындай чечимди жакында Брюссель соту чыгарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына жазды.

“Бакай Банк” банкы “Ачык диалог фонду” (Open Dialogue Foundation, ODF) поляк-бельгиялык өкмөттүк эмес уюмуна каршы козголгон сот ишин утуп алды. 2023-жылы ODF өз сайтында макалаларды жарыялап, анда “Бакай Банкты” Россиянын пайдасына санкция чараларын айланып өтүү схемаларына катышкан деп шек санап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган. “Бакай Банк” жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды. Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту «Ачык диалог фонду» жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген. Сот уюмду талаштуу макалаларды өчүрүүгө, соттун чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди.

Ошол эле учурда Кыргызстандын дагы бир банкы – “Керемет Банк” Россияга каршы киргизилген чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө шектелип, АКШ жана Улуу Британия тарабынан санкцияларга кабылган. Өз кезегинде “Капитал Банк” дагы Улуу Британиянын санкциялык тизмесине киргизилген. Бул жерде маанилүү бир жагдай: санкциялар айыптоо мүнөзүнө гана ээ. Башкача айтканда, банктар санкцияларды кыйгап өтүүгө болгону шектелип жатат. Азырынча АКШ да, Улуу Британия да мыйзам бузуулар боюнча конкреттүү далилдерди коомчулукка ачык жарыялай элек.

Президент Садыр Жапаров бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, ата мекендик банктарга карата санкциялар айрым өкмөттүк эмес уюмдар жана ак ниетсиз тараптар тараткан жалган маалыматтарга негизделгенин баса белгилеп келген. Буга байланыштуу мамлекет башчысы банктардын ишин толук жана калыс текшерүү үчүн Кыргызстан эл аралык көз карандысыз аудит өткөрүүгө даяр экенин билдирген. “Бакай Банк” боюнча сот чечими Кыргыз Республикасынын эл аралык укук нормаларын сактагандыгынын жана ата мекендик бизнестин кызыкчылыктарын чет элдик соттордо коргоого даяр экенинин айкын далили. Башка кыргыз банктарына каршы санкцияларды негиздеген конкреттүү далилдер жок болгондуктан мамлекеттин позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат: Кыргызстан өзүнүн финансылык түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү толук ачык жана мыйзамдуу экенин тастыктоого ар дайым даяр.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:16 29.04.2026
0

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды. “Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби бүгүн...

Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:30 29.04.2026
0

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган мектепке чейинки билим берүү уюмундагы окуя боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. 24-апрелде Өзгөн районунун Кара-Таш айылында жайгашкан...

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:28 29.04.2026
0

Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды. Түндөгү катуу жааган жаандан улам сел жолду толук бөгөп калган....

Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМде суракка алынганы маалымдалууда

Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМде суракка алынганы маалымдалууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:29 29.04.2026
0

Кечээ, 28-апрелде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев...

Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат

Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:21 29.04.2026
0

28-апрелде саат 16:45 чамасында Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

17:16 29.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

14:30 29.04.2026
Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

14:28 29.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү