Бишкек шаарындагы айрым конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
«Бишкек суу канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы маалымдагандай, 15-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Маалыматка караганда, «Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» жаңы конуштарында суу убактылуу өчүрүлөт.
Ичүүчү суу «Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат. Борбордун мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.