«150 миң сом, алтын буюмдарды алып чыгып кеткен». Ошто 24 жаштагы кыз 2 айдан бери изделүүдө

Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Жолболдуева Гаухар Толкуновна эки ай мурун үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гаухар 26-май күнү саат 10:00 чамасында Кара-Суу районундагы Фуркат айылында жайгашкан үйүндөгү сейфтен 150 миң сом акча каражатын жана алтын буюмдарын алып, ошол боюнча кайтып келген эмес. Болжолдуу ал Бишкекке келүүсү мүмкүндүгү айтылат.

Аталган факты Ош ШИИБдин электрондук китепчесине катталып, изилдөө иштери эки айдан бери жүргүзүлүүдө.

Байланыш телефондору: 0 3232 53182, 0553 541010, 0778 181920, 0755 160492.