16-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидрометтин билдиришинче, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана башка аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй облусунда түнкүсүн +16… + 21, күндүз + 32… + 37

Талас облусунда түнкүсүн +12… + 17, күндүз + 30… + 35

Баткен облусунда түнкүсүн +17… + 22, күндүз + 32… + 37

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17… + 22, күндүз + 32… + 37

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз + 22 … +27

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +22…+24.