16 жаштагы кыз ата-энеси менен урушуп, үйүнөн чыгып кеткен. Ал 3 күндөн кийин табылды

Милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан жашы жете элек кызды таап беришти. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 

14-сентябрда Бишкек шаарынын тургуну 2005-жылы туулган кызын табуу өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, кызы ошол эле күнү саат 07:00 чамасында ата-энеси менен урушкандан кийин Ленин районундагы үйүнөн чыгып, кайтып барган эмес. Бул факты Ленин райондук ички иштер башкармалыгына катталып, издөө иштери башталган. 17-сентябрда саат 18:00 чамасында Ленин РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору дайынсыз болуп жаткан кызды табышкан. Учурда иштин бардык жагдайлары иликтенүүдө.