16 жаштагы Сальмина 20 күндөн бери дайынсыз болууда

2005-жылы төрөлгөн Асылбекова Сальмина Асылбековна изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жайыл районундагы милиция кызматкерлерине 3-майда кайрылган аял киши өспүрүм кызын табууга жардам сураган. Апасынын айтымында, Сальмина 25-апрелде саат 12:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен. Ошол бойдон дайынсыз.

Анын бою 165-168 сантиметр чамалуу, чачы кара жана узун. Ошол күнү кара түстөгү классикалык шым, гүлдөрү бар боз түстөгү рубашка, ак өңдөгү спорттук бут кийим кийип кеткен.

Милициянын маалыматы боюнча, өспүрүм буга чейин да бир нече жолу үйүнөн качып, милиция кызматкерлери тарабынан үйүнө кайтарылган. Апасы кызы үйүнө өзү келет деп күтүп, арыз менен май айында гана кайрылган.

Милиция кызматкерлери Сальмина тууралуу маалыматы бар жарандарды (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 жана (0312) 22-15-58, 0709 317 474 телефон номурлары аркылуу байланышууга чакырат.