16-январдан тартып өлкөдө күн жылый баштайт

Кыргызстан боюнча абанын температурасы 16-январдан тартып акырындык менен жогорулай баштайт. Бул тууралуу синоптиктер маалымдашты.

«Жакынкы күндөр ичинде абанын температурасы ылдыйлабайт. 16-январдан кийин 4 градуска күн жылыйт. Күн сайын 2-3 градуска көтөрүлөт», — дешти алар.