Ош облусунда 16 жаштагы кош бойлуу кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Маалым болгондой, 25-августта кыз үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, 16-сентябрда анын денеси Кара-Суу районундагы суу сактагычтан табылган. Экспертизанын жыйынтыгында өз өмүрүнө кол салган кыздын кош бойлуу экендиги аныкталган. Ал Кара-Кулжа районунун жашоочусу болуп, соңку убакытта Ош шаарында жашап жаткан. Ал эми апасы Орусияда эмгек мигранты болуп иштеп жүргөн. Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү иш аракеттер жүрүүдө.
Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМде суракка алынганы маалымдалууда
Кечээ, 28-апрелде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев...










