Ош облусунда 16 жаштагы кош бойлуу кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Маалым болгондой, 25-августта кыз үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, 16-сентябрда анын денеси Кара-Суу районундагы суу сактагычтан табылган. Экспертизанын жыйынтыгында өз өмүрүнө кол салган кыздын кош бойлуу экендиги аныкталган. Ал Кара-Кулжа районунун жашоочусу болуп, соңку убакытта Ош шаарында жашап жаткан. Ал эми апасы Орусияда эмгек мигранты болуп иштеп жүргөн. Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү иш аракеттер жүрүүдө.
16 жаштагы кыз кош бойлуу болуп калгандыктан өз жанын кыйган
- Categories: КООМ
Related Content
Бишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө реконструкциядан кийин ачылат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
12:26 22.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:45 21.03.2026
Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова Нарында Нооруз майрамына катышышты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:40 21.03.2026
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
10:35 21.03.2026