Баткен облусунан келген жарандар Ысык-Көл облусунун санаторий жана пансионаттарына жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
“Ак Бермет” пансионатына 20 адам, “Көгүлтүр Ысык-Көл” 4 адам, “СОС” балдар үйүнө 20 адам, “Кыргыз Деңиз” санаторийине 48 адам, “Алтын Балалык” реабилитациалык борборуна 36 адам, Тамчы айылынын Исабеков көчөсүндө жайгашкан турак үйгө 11 адам жана өз каалоосу менен туугандарыныкына кеткен 30 адам. Жалпысынан 169 адам жайгаштырылды.
Жарандарга райондук мамлекеттик администрация тарабынан жатакана жана ысык тамак уюштурулуп, элден чогулган гумжардам таратылууда.