17-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 17-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +32…+37;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Нарын жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29 градус болот.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38 градус болот.