Сокулукта жаш кыз 1 жыл мурда жоголгон. Ал дале дайынсыз болуп жатат

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан Тыныбекова Рахат Кубатбековна изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2004-жылы туулган кыз Гавриловка айылындагы үйүнөн 2020-жылдын 14-октябрында чыгып кетип, кайтып барган эмес. Анын бою 155-160 сантиметр чамалуу, чачы кыска жана кара.

Милиция кызматкерлери Рахат Тыныбекова тууралуу маалыматы бар жарандардан кабар берүүнү суранат. Байланыш номурлары: 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86-14-86, 0 (709) 35-35-29.