Эртең, 17-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +13…+18;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;
Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +13…+18;
Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн +8…+10, күндүз +16…+18° жылуу болот.