17-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 17-сентябрга караган түнү Ысык-Көлдө айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.