18-19-июль күндөрү өлкөдө ысык аба ырайы сакталат

18-19-июль күндөрү ысык аба ырайы сакталып, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +35…+40°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө +33…+38 градуска чейин болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Мындай кургак ысык аба ырайы учурунда зарылчылык болбосо, сыртка чыкпаганга аракет кылыңыздар. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл. Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат»,- дешти.