Abank
SerepTV Logo

18-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 18-февралда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3, Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +1…+3 градус болот.