Abank_oct
SerepTV Logo

Бишкек мэриясы шаар аймагында айыл чарба жарманкелерин өткөрүүгө тыюу салган эмес жана аларды токтоткон эмес

Бишкек мэриясы шаар аймагында айыл чарба жарманкелерин өткөрүүгө тыюу салган эмес жана аларды токтоткон эмес
 
Борбор калаада айыл чарба жарманкелерин өткөрүүнү кайра жандандырууга жеке көмөк көрсөткөндүгү тууралуу жарыяланган маалыматка байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү билдирет. Бишкек шаарынын мэриясы шаар аймагында айыл чарба жарманкелерин өткөрүүгө тыюу салган эмес жана аларды токтоткон эмес.

Мэрия айыл чарба жарманкелерин уюштуруу муниципалдык түзүмдөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзгөн пландуу ишинин натыйжасы экендигин белгилейт. Бул ишти айрым адамдардын жеке эмгеги катары гана көрсөтүү иш-чараларды даярдоонун чыныгы жагдайлары тууралуу коомчулукта туура эмес түшүнүк жаратышы мүмкүн. Коомдук мааниге ээ демилгелерди объективдүү чагылдыруу жана шаар тургундарына так, ишенимдүү маалымат берүү зарыл. Ошол эле учурда билдирүү жасаган адамдын муниципалитет тарабынан тиешелүү негиздер жана расмий билдирүүлөр болбостон, айыл чарба жарманкелери токтотулганын ачык жарыялап, кийинчерээк алардын өткөрүлүшүн кайра жандандырууга жеке көмөк көрсөткөндүгүнүн натыйжасы катары көрсөтүп жатканы түшүнүксүздүк жаратууда. Мындан тышкары, 2026-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинен Бишкек шаарынын мэриясына Т. Усубалиев атындагы аянтта 25-26-октябрда өткөрүү пландалган «Алтын күз» айыл чарба жарманкесин уюштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен расмий кат келип түшкөнүн кошумча маалымдайбыз.

Кайрылуу келип түшкөн учурдан тартып мэриянын жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарманкени өткөрүүгө даярдык көрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Демек, уюштуруу иштери алдын ала, белгиленген тартипте жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара кызматташтыкта башталган. Мындан тышкары, 25-сентябрда борбор калаанын райондорунда айыл чарба продукцияларынын жарманкелери өткөрүлгөн. 2026-жылдын ноябрь айында мэрия айыл чарба жарманкелерин үзгүлтүксүз негизде өткөрүүнү кайра жандандырууну пландаштырууда. Алардын өткөрүлүүчү даталары жана жерлери тууралуу кошумча маалымат берилет.

Өткөн жылы да, 2025-жылдын 11-октябрынан тартып, борбор калаада шаардык айыл чарба жарманкелери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келген. Ал эми 2025-жылдын 17-19-октябрь күндөрү «Алтын күз» жарманкеси уюштурулган. Ошондой эле 2026-жылдын 25-сентябрында борбор калаанын райондорунда айыл чарба продукцияларынын жарманкелери өткөрүлгөн. Айыл чарба жарманкелерин уюштуруу ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, айыл чарба продукцияларын сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана шаар тургундарын жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин бир бөлүгү болуп саналат.
SEREP MEDIA