ӨКМ бүгүн, 9-февралда Түркияда жер титирөөдөн кийинки урандылардын алдынан жарандарды издөө үчүн кеткен куткаруучулардын видеосун жарыялады.
Видеодо куткаруучу учурда саат 04:50 болгонун (Кыргызстанда 07:50) айтып, ушуга чейин 19 адамдын сөөгүн алып чыкканын билдирди. «Издөө иштерин улантып жатабыз», — дейт куткаруучу.