Эртең, 19-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;
Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17;
Бишкек шаарында түндө жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +21…+23 градус болот.