19-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 19-ноябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 суук, күндүз +10…+12 градус болот.